Талас облустук соту тарабынан 2019-жылдын 16-майында Ачык эшик күнү өтүп, ага Талас шаарындагы А.Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинин 11-класстын окуучулары катышышты.
Ачык эшиктер күнүнүн жүрүшүндө мектеп окуучулары судьялар менен жолугушту. Талас облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Курал Эстебесов, судьялар Мирлан Боромбаев жана Айнура Султаналиева колдонууга кирген жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын өзгөчөлүктөрү жана айырмачылыктары жөнүндө айтып беришти.
Мындан тышкары, жалпы сот тутумунун ишмердүүлүгү туурасында маалымат берилди. Өз кезегинде окуучулар кызыгуу жараткан суроолорун беришип, мазмундуу жоопторду алышты.
Келечекте юрист кесибин тандай турган мектеп окуучуларына, ачык сабактар өтүү жагы макулдашылды. Окуучулардын ачык сот отурумуна катышууга кызыкчылыктары жаралгандыктан судьялар тарабынан сот отурумуна катышууга уруксат берилди.
Мындай жылуу жолугушуудагы маектин аягында, Талас облустук сотунун судьялары Курал Эстебесов, Мирлан Боромбаев жана Айнура Султаналиева мектеп бүтүрүүчүлөргө, мектепти бүтүрүү жана ошондой эле жогорку окуу жайына тапшыруу экзамендерин ийгиликтүү өтүшүн каалап, окуучулардын укуктук сабаттуулугунун деңгээлин көтөрүү максатында мындай жолугушууларды өткөрүп туруу макулдашылды.