Өлкөбүздөгү сот тутумун өнүктүрүү багытында “2014-2017-жылдарда Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” боюнча мамлекеттик максаттуу программа кабыл алынгандыгы белгилүү.
Аталган программанын алкагында жыл башынан бери, ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча сот залдарында аудиого жана видеого жаздыруу системалары орнотулуп, эми ал каражаттарды колдонуу боюнча сот аппаратындагы тиешелүү кызматкерлер окутулуп, үйрөтүлө баштады.
Тагыраак айтканда, мындай окуунун алгачкы этабынан Нарын облустук сотунун сот катчылары жана IT-консультанттары өтүштү. Алар бир күн бою техникалык каражаттар менен сот отурумун протоколдоо, аудио жана видео жазууларды иштетүү, техникалык үзгүлтүктөрдү алдын алуу сыяктуу маселердин тегерегинде атайын адистин кеп-кеңештерин угуп, келип чыккан суроолоруна жоопторду алышты.
Сот акыйкаттыгын ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга багытталган мындай техникалык каражаттар жыл аягына чейин дээрлик баардык жергиликтүү соттордо иштеп баштамакчы. Бул өз кезегинде соттук иштерди кароонун оперативдүулүгун жогорулатып, ачык айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.