KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттигинин жогорку мектебинин угуучулары жергиликтүү соттордо стажировка өтүп жатышат

27 декабря 2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун 2018-жылдын 7-декабрындагы №129 буйругуна ылайык, угуучулар теориялык курсту аяктагандан тартып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы менен макулдаштырылып бекитилген соң, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунда стажировка өтүүлөрүн башташты.


Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат орундарына талапкерлерди окутуу программасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы менен макулдашуу боюнча бекитилген, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2018-жылдын 6-июлундагы жана 2-ноябрындагы чечими жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окуудан өтүү эрежеси боюнча, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун, 2018- жылдын 22-августундагы № 69 буйругуна ылайык, угуучулардын стажировкасы жана теориялык окуу курсу үч айды түзөт.


Жергиликтүү соттордун төрагалары менен макулдашуу боюнча, стажировкага берилген убакытта, ар бир угуучуга судьялардын арасынан тажырыйбалуу жетекчи бекитилген. Сот адилеттигинин жогорку мектебинин методикалык сунуштарына ылайык, стажировка өтүү алдында ар бир угуучуга күндөлүк берилип, жетекчи тарабынан тиешелүү баа койулуш керек.


Стажировкадагы жетекчи, угуучуга зарыл иш көлөмүн аныктап, деңгээлин жогорулатуу, кесиптик билим, практикалык жөндөм алуу боюнча ошондой эле стажировканын программасын аткарууда жардам көрсөтөт.


Стажировкадан өтүүдөгү негизги милдеттер болуп: соттогу иштердин өзгөчөлүктөрүн изилдөө, кесиптик билимин түзүү жана бекитүү, судьянын кызматында иштөө үчүн керектүү практикалык жөндөмдөрдү алуу болуп саналат.


Угуучу, стажировкадан өтүү мезгилинде, жеке планда белгиленген милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга жана стажировкадан өтүүнүн эмгек тартибин сактоого, өзүнүн кесиптик деңгээлинин жогорулашынын үстүндө иштөөгө милдеттүү.


Стажировкадан өтүү, угуучулардын кесиптик жана моралдык сапаттарын изилдөө максатында ишке ашырылат. Стажировканын багыты төмөнкүлөрдү камтыйт: соттун иш кагаздары менен таанышуу, сот өндүрүшүндөгү жарандык кылмыш жана администрациялык иштерди иликтөө, угуучу катары сот иштерине катышуу, сот чечимдеринин долбоорлорун даярдоо, маалымат түзүү, талдоо жана сот практикасындагы жалпылоо боюнча  маселелерди чечүү.


Стажировка бүткөндөн кийин жетекчиден стажировкадан өтүү натыйжалары боюнча билим деңгээли жана иш жөндөмдөрү чагылдырылган корутунду берилет.


Корутунду жана отчет тиркемеси, стажировка бүткөндөн кийин үч күндүн ичинде, 2018-жылдын 17 — 19-марттында Сот адилеттигин жогорку мектебине угуучу аркылуу тапшырылат.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Бишкек шаардык сотунун төрайымдарынын макулдашуусу менен, Сот адилеттигин жогорку мектебинин директорунун буйругуна ылайык, көрсөтүлгөн мөөнөттөгү угуучунун жыйынтыгы стажировкадан өтүү баасын койуу боюнча эки стажировканын жетекчиси бекитилет.


Стажировка өтүүнүн жалпы мөөнөтү үч ай: биринчи инстанциянын  сотторунда – 50 күн , экинчи инстанциянын сотторунда – 10 күндү түзөт.