KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сокулук райондук соту: Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга материалдык жардам көрсөтүү уланууда

06 декабря 2019

Жыл сайын 3-декабрь Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү катары белгиленип келет.


Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо, коргоо күнүнө карата жергиликтүү соттор реабилитациялык борборлорго материалдык жардам көрсөтүүнү улантып жатышат.


Сокулук райондук соту мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо жана жардам көрсөтүү максатында Сокулук райондук «Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Сокулуктагы реабилитация борборуна» барышып, балдар жана тарбиялоочулар менен жолугушуу өткөрүштү.


Сокулук районунун жергиликтүү соттору Жолугушууда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоо жана такмактануу шарттары, ошондой эле үйрөтүү-тарбиялоо процесстери менен таанышып чыгышты.


Сокулук районунун жергиликтүү сотторунун атынан келген судьялар — Сокулук райондук сотунун төрагасы К.Б.Самудинов жана судьялар К.Р.Жоомартов, С.М.Сайырова, Ж.И.Кумашев, И.С.Керимкулов, С.А.Султаналиева, Т.Т.Масыбаев, И.С.Кузьменко, М.К.Кулмурзаев, Н.Т.Самаков аталган мекеменин балдарына чогултулган каражаттын эсебинен керектүү техникалык каражаттарды жардам катары тапшырышты.


Сокулуктагы реабилитация борборунун  жетекчилиги жана тарбиячылары балдарга карата көрсөтүлгөн колдоо үчүн райондук соттун судьялар жамаатына терең ыраазычылыгын билдиришти.