KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

“Медиациянын актуалдуу маселелери жана Кыргыз Республикасында укуктук жардам көрсөтүү ” деген аталыштагы тегерек стол өтөт

26 февраля 2018

Эртең, 2018-жылдын 27-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда      “Медиациянын актуалдуу маселелери жана Кыргыз Республикасында укуктук жардам көрсөтүү ” деген аталыштагы  тегерек стол  өтөт .  Иш чарага  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  жана жергиликтүү сотторунун судьялары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, медиаторлор менен адвокаттардын катышуусу күтүлүүдө.


Тегерек столдун жүрүшүндө мамлекет тарабынан кепилдик боло турган  юридикалык жардам менен медиацияны колдонуу, ошондой эле Кыргыз Республикасында укуктук жардамды мындан ары өнүктүрүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.