KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кезектеги  видеоконференция болуп өттү

14 января 2019

2019-жылдын  11-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда тергөө  судьяларынын  кезектеги видоконференциясы  уюштурулду.  Анын ишине, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы  боюнча төраганын   орун басары Каныбек Бокоев,  Жогорку соттун судьялары, ошондой эле Бишкек шаарынын   төрт району менен Бишкек шаардык соту жана  жети областын  жергиликтүү сотторунун төрагалары жана тергөө судьялары катышышты.


Белгилүү болгондой 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуулар  тууралуу кодекс жана  «Пробация жөнүндө» жана “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамдар күчүнө кирди.


Видеоконференция  учурунда   жергиликтүү соттордун судьялары практикада пайда болгон  суроолорун Жогорку соттун  жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын судьяларына беришип, мазмундуу жоопторду алышты.


Эскетре кетсек,   ар аптанын жума күндөрү   Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жергиликтүү соттор менен онлайн  режиминде жаңы мыйзамдар жана кодекстерди колдонууда келип  чыккан суроолорду талкууга алып турушмакчы.