KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот тутумун чагылдырган журналисттер үчүн видеоконференция уюштурулду

05 июля 2019

Бүгүн, 2019-жылдын 5-июлунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, “Соттук процесстерди чагылдыруу” деген аталыштагы видеоконференция болуп өттү. Аталган иш чарага сот тутумунун басма сөз катчылары, жергиликтүү жана регионалдык журналисттер, медиа эксперттер – Толкунбек Турдубаев жана Марс Тулегеновдор катышты.


Видеоконференциянын жүрүшүндө массалык маалымат каражаттарында соттук процесстерди чагылдыруу боюнча бир катар маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле, журналисттердин жана сот тутумунун ортосундагы түшүнүксүз, талаш-тартыш жараткан учурларды жана журналисттер тараптан түшкөн суроолорго оперативдүү жооп кайтаруу тууралуу  ой пикирлер айтылды.


Алыскы аймактагы журналисттер сот тутумун чагылдыруу боюнча, соттордун катышуусу менен тренинг, семинарларды уюштуруп берүү тууралуу тилектерин билдиришти. Мындан тышкары эксперттер семинарларды өткөрүү боюнча жардам берүүгө даяр экендиктерин айтып өтүштү.


Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун басма сөз кызматы  журналисттердин бардык суроолоруна жооп беришип, ММКлар арасында сот тутумун чагылдыруу боюнча сынак жарыялана тургандыгын жана жакынкы убакта журналисттер арасында жылдык аккредитация башталаарын маалымдашты. Ошондой эле, журналисттер арасында укуктук билим деңгээлин жогорулатуу максатында атайын тренинг, семинарларды өткөрүү пландаштырылгандыгын  кошумчалашты.


Видеоконференциянын жыйынтыгында катышуучулар тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин баса белгилешти.