KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушту

06 февраля 2019

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы  Гульбара Калиева  жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушту.  Жолугушууга төрайымдын орун басарлары Айнаш Токбаева, Нургуль Асанова  жана Жогорку соттун судьясы Кеңешбек Токтомамбетов катышышты.


Аталган  иш чаранын максаты Жогорку сот менен   жарандык коомдун өз ара байланыштарын түзүү жана кызматташуу боюнча пикир алмашуу болду.


Өкмөттүк эмес уюмдардын   өкүлдөрү  сот тутумунун ачык-айкындуулугу,  сот практикасын жалпылоо жана анын бирдиктүү болушу, судьялардын профессионалдык даярдыгы,  Жогорку соттун Пленумунун токтомдорун   колдонуу,  сотторду сапатту тандоо,  сот актыларын  act.sot.kg сайтына жайгаштыруу жана  башка маселелерин  көтөрүштү.


Ошону менен  бирге эле  жолугушууга катышкандар  Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен  өз ара кызматташууга даяр экендиктерин белгилешти. Айрым иштер боюнча соттук практиканы жалпылоо жана  Пленумдун токтомдорунун долбоорлорун   даярдоого  сунуш-пикирлерин берүүгө,  сот  тутумун санариптештирүү,  ювеналдык юстиция  маселелери боюнча  судьялардын   кесиптик жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жазанын альтернативдүү чараларын колдонуу жана пробация туурасында маселелерге  көмөктөшүүгө даяр экендиктерин ырасташты.


Жолугушуунун соңунда  тараптар  болуп жаткан көйгөйлөрдү талкуулоого  жана  биргеликте  аларды чечүү үчүн  мындай  аянтча   маанилүү экендигин  кошумчалашты.  Белгилей кетсек,  иш чарага  20га жакын  өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышышты.


Г. Калиева бул жолугушуу  мындан аркы кызматташуунун башталышы болоруна ишеним жасады.