KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкарууларынын башчылары менен жолугушуу өттү

14 августа 2019

Өткөн аптада Каракол шаардык сотунун төрагасы Самар Ниязалиев Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкарууларынын башчылары менен жолугушту.


Анда кылмыштуулуктун жана анын ичинде жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, бул боюнча элдин арасында тийиштүү профилактикалык иштерди жүргүзүү, ошондой эле медиация  маселелери, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин кээ бир ченемдери талкууланды.


Мындан тышкары, С. Ниязалиев  аксакалдар соттору жана алардын ишмердүүлүгү  боюнча маалыматтарды алды.


Жолугушуунун жыйынтыгында, муниципалдык аймактык башкарууларынын башчыларынын демилгеси боюнча мындай жолугушууларды өз ара кызматташууну жакшыртуу үчүн мезгил-мезгили менен уюштуруп туруу макулдашылды.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


Г.Аширбаева