KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары жана мамлекеттик органдардар менен ведомтсвонун өкүлдөрү журналисттер менен жолугушту

07 июня 2019

2019-жылдын 7-июнунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда  Жогорку сот органынын судьялары жана мамлекеттик органдар, ведомстволордун өкүлдөрү журналисттер менен жазык мыйзамдарынын новеллаларына арналган жолугушуусу болду.


2019-жылдын 1-январынан баштап  ишке киргизилген  кодекстер бир топ эле  өзгөрүүлөрдү алып келди: жаңы процессуалдык фигура-тергөө судьясы,  гуманизация, процессуалдык макулдашуу жана башкалар. Ушул жана башка темаларда  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын судьялары Кенешбек Токтомамбетов, Жаныл Мамбеталы, Аскат Сыдыковдор  маалымат беришти.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Кеңешбек Токтомамбетов 2017-жылы  биздин өлкөдө  жазык сот адилеттигин реформалоого багытталган бир топ  мыйзам актылары  кабыл алынгандыгын  айтты. Бул  Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси, «Пробация жөнүндө» жана « Медиация жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы  Жаңыл Мамбеталы жаңы жазык мыйзамына ылайык, эркинен ажыратуунун  максималдуу жазасы мурда 25 жыл болсо, азыр 15 жыл каралгандыгын билдирди. Ошондой  эле ал  учурда иштеп жаткан  мыйзамда  жазалоонун максаты өзгөрүлүп, кайра тарбиялоо эмес, жаранды социалдаштыруу экендигин кошумчалады.


Тергөө судьясы жүргүзүп жаткан соттук контроль туурасында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Аскат Сыдыков маалымат берди.  Жаңы процессуалдык фигура —  тергөө судьясы  сотко чейинки өндүрүштөгү  мыйзамдуулукка көзөмөл кыларын айтты.


Андан соң, соттук контролдон прокурордук көзөмөлдүн айырмасын Башкы прокуратурасынын  өкүлү  Азизбек Шукурбеков  айтып берди. Прокурордук көзөмөл жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча  сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыра турган  органдардын мыйзамдуулугуна көзөмөл кылат.  Ал эми  соттук контролдун  функциясы жазык иштери боюнча өндүрүшкө тартылган адамдардын конституциялык укугу менен эркиндиктерин чектеген, жазык куугунтуктоону  жүзөгө ашыра турган орган менен кызматтык адамдын кыймыл-аракети менен  чечимдеринин  мыйзамдуулук жана негиздүүлүк маселелерин  кароо болуп саналат.


УКМКнын   өкүлү Серик Абиев учурда  процессуалдык  келишим практикада, ошону менен бирге резонанстык иштерде кеңири колдонулуп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, мыйзамда жарашуу жөнүндө,  күнөөсүн моюнуна алуу жана  кызматташуу жөнүндө  жазылган.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин  өкүлү  Эшимкан уулу Нурдин бүгүнкү күндө  Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестеринде   63 535тен ашык  арыздар жана билдирүүлөр катталгандыгын билдирди.  Алардын ичинен 31 761  кылмыштар болсо, ал эми 29 397 жоруктар боюнча. Жаңы институттардын киргизилиши менен  ички иштер  органдарында  дагы  структуралык өзгөрүүлөр болгон.  Айтсак,  ар бир бөлүктө  жоруктар  боюнча  Башкармалыктар жана бөлүмдөр түзүлгөн.  Ошондой эле, тергөөчү судья менен  прокурордун, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу адамы тергөөчү менен өз ара кызматташуусу ар бир кылмыш иш боюнча жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.


Иш чаранын соңунда КР Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүм аткаруу жана атайын эсеп башкармалыгынын башчысы Бакыт Термечиков 2019-жылдын 1-январынан  баштап  гуманизация жана учурдагы жазык мыйзамына ылайык келтирүү  максатында, буга чейин чыгарылган соттук актыларды  кайра карап чыгуу үчүн  8590  сунуш  республиканын  сот органдарына жөнөтүлгөндүгүн айтты.  Бүгүнкү күндө 5155 сунуш кайра каралып чыгып,  дагы карала турган 3435 иш бар.


Белгилей кетүүчү жагдай,  2019-жылдын 1-январынан тартып,  Жогорку сотто 2537 иш каралып, анын  ичинде  даттануулар жана сунуштар боюнча жазык иштери, кайрадан ачылган материалдар жана жаңы жагдайлар боюнча, соттук материалдар, административдик  иштер жана экстрадиция бар.  Июнь айында эле  566  иш кароого дайындалган.


Эсиңиздерге сала кетели, ExpertCafe долбоорунун алкагында иш чара  Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) колдоосу астында өтүп,  ага 30га жакын журналисттер катышышты.