KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлерин күнүнө арналган салтанаттуу иш чара болду

05 марта 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 5-мартында, мамлекеттик резиденцияда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын сот кызматкерлеринин күнү белгиленди.


Иш чарага өлкөнүн бардык аймактарынан  келишкен судьялар, Кыргыз Республикасынын Президенттик аппараттын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү катышышты.


Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров коомчулукта азыркы сот тутумуна карата көптөгөн терс пикирлер айтылып жатканына карабастан, биздин судьялар корпусунда кесипкөй, чынчыл, ак ниет, абийирдүү жана кайраттуу адамдар чогулгандыгы жана ошондой эле ал адамдардын адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту жайылтуу боюнча журт алдындагы ыйык парзын мындан ары дагы ар-намыс менен аткарууга ниеттери күч экендиги тууралуу менде толук ишенич бар экендигин баса белгиледи.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова мыйзамдын диктатурасы менен адилеттүүлүктү орнотууда сот тутумунун ролу чоң экендигин айтты:


“Адилеттүүлүктүн үстөмдүгү салтанат курган коомду курууда сот тутумуна эң маанилүү милдет жүктөлөт. Соттордун калыс чечимдери жарандарыбыздын акыйкаттыкка болгон ишенимин бекемдеп, укуктук стабилдүүлүктү камсыз кылат. Ал өз кезегинде өлкөдө саясий стабилдүүлүктүн орун алышына өбөлгө түзөт. Сот тутуму бул жооптуу милдетти татыктуу аткарат деп ишенемин”.


Андан соң Кыргыз Республикасынын судьяларынын Ассоциациясынын конференциясы болуп, анда аталган  Ассоциациясынын Башкармалыгына мүчөлүгүнөн өз каалоосу менен отставкага кеткен Жогорку соттун судьясы  Анархан Базаралиеванын ордуна, Жогорку соттун судьясы Дилара Арстанбаева шайланды.


Салтанатуу иш чарада бир катар судьяларга  Жогорку сотунун, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн сыйлыктары тапшырылды.