KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында ШКУга мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XVI кеңешмеси өттү

24 сентября 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 24-сентябрында, видеоконференц байланыш форматында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешмеси болуп өттү. Кеңешме Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалыгы астында өттү. Модератор Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  төрайымы Нургуль Бакирова болду.


Кеңешменин ишин ачып жатып Нургуль Бакирова иш чара ШКУнун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдык мааракесинин алкагында  өтүп жаткандыгын белгиледи.


20 жылдын ичинде ШКУ институционалдык курулуштан тартып, ШКУга мүчө мамлекеттердин өз ара мамилелеринин сапаттуу деңгээлге чыгышына чейин чоң жолду басып өттү. ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кезектеги Кеңешмеси мындан аркы кызматташтык үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, сиздердин катышууңуздар жана салымыңыздар менен биздин Кеңешменин алкагында туруктуу мамилелерди түзүүгө мүмкүн эмес эле”, -деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы.


Кеңешменин ишине Индия Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Л. Нагешвара Рао,  Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Жакып Асанов, Кытай Эл Республикасынан Жогорку элдик сотунун төрагасы Чжоу Цян, Пакистан Ислам Республикасынын Жогорку сотунун башкы судьясы Гульзар Ахмед,  Россия Федерациясынын Жогорку сотунун төрагасы Вячеслав Лебедев, Тажикстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиен, Өзбекстан Республикасынын  Жогорку сотунун төрагасы Козимджан Камиловдор катышышты.


Кеңешмеге ошондой эле  Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Владимир Норов, ШКУнун регионалдык терроризмге каршы түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директорунун орун басары Канат Тюкеевдер катышышты.


Ал эми байкоочу-мамлекеттерден Беларусь Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Валентин Сукало, Ирандын Жогорку сотунун төрагасы Сейед Ахмад Мортазави Могаддам, Монголиянын Жогорку сотунун төрагасы Ганзориг Дамдин болушту.


Иш-чаранын жүрүшүндө актуалдуу жана кызыктуу докладдар болуп, катышуучулар докладчыларга өздөрүнүн суроолорун беришти.


Жогорку соттордун төрагалары бейтарап (арбитраждык) соттордун чечимдеринин аткарылышы чөйрөсүндөгү алдыңкы улуттук тажрыйбалар, ШКУга мүчө мамлекеттердин жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарына байланышкан илимий–теориялык жана  колдонмо мүнөздөгү, ошондой эле  ювеналдык юстиция жаатында  маалыматтар менен өз ара алмашуу жагын макулдашышты. Мындан тышкары, глобалдык санариптештирүү тенденциясына шайкеш келе турган соттордун ишине маалыматтык технологияларды киргизүү жаатында тажрыйба алмашууну макулдашышты.


Ошол эле учурда катышуучулар ШКУнун учурдагы  өнүгүү этабы  маалыматтык технологияларды активдүү өнүктүрүү жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын коомдук аң-сезимге тийгизген таасиринин өсүшүнө дал келе тургандыгын  белгилешти. ШКУга мүчө-мамлекеттердин улуттук мыйзамдарына ылайык, кеңешменин катышуучулары сот органдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өз ара байланыштары маанилүү экендигин кошумчалашты.


Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, ШКУга мүчө-мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды.


Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кийинки жыйыны 2022-жылы Тажикстан Республикасында өтөөрүн белгилейбиз.