KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун отуруму болду

11 января 2019

2019-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму болуп өттү.   Анда,  Жогорку сотунун Регламентинин  жаңы  долбоору  талкууланып кабыл  алынды. Мындан  сырткары отурумдун  жүрүшүндө Пленумдун  катчысы болуп Жогорку  соттун  судьясы Чинара Садырова шайланды.


Күн тартибиндеги  экинчи маселе катары Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультативдик Кеңештин жаңы курамын бекитүү жана катчыны шайлоо киргизилди. Кеңештин  катчылыгына  Жогорку соттун  судьясы Айбек Давлетовдун  талапкерлиги сунушталып   бир  добуштан колдоо тапты. Ошондой  эле Кеңештин жаңы  курамы шайланды.