Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.
Жыйында эки маселе — укук коргоо органдарынын республикадагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча иштеринин жыйынтыгы, ошондой эле 2021-2024-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөшүү жана анын себептерин жоюу боюнча жаңы мамлекеттик стратегиянын долбоору каралды.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө 2018-жылдын февраль айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында коррупция менен элдешкис күрөш жарыялангандыгын эске салды.
Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңеши тарабынан сунуш кылынган антикоррупциялык иш-чараларды тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери катуу тартип жоопкерчилигине тартылышканын баса белгиледи.
Ал 2018-2019-жылдардын жана 2020-жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен коррупциялык жана кызматтык кылмыш боюнча мамлекетке келтирилген зыян 13, 6 млрд сомду түзгөндүгүн, анын ичинен мамлекеттин пайдасына 5 млрд 827 млн сом өндүрүлгөндүгүн кошумчалады.