KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына келип түшкөн кайрылууларды кароонунун практикасн талкулоо боюнча тегерек стол уюштурулду

19 апреля 2019

Бүгүн, 2019-жылдын  19-апрелинде, Бишкекте «Тартип комиссиясы тарабынан судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу туурасында кайрылууларды кароонун  практикасынын жыйынтыктарын   жана  2017-2018-жылдардагы башка  кайрылууларды  жалпылоо» темасында тегерек стол болуп  өттү.


Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы Эркинбек Мамыров, Кыргыз Республикасынын  Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин төрайымы Эльмира Барыктабасова, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын төрайымы Кымбат Архарова, комиссиянын мүчөлөрү жана республикасынын жергиликтүү сотторунун  судьялары катышышты.


Ошондой эле иш чарада Кыргыз Республикасындагы Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн кызматташуу боюнча бөлүмүнүн долбоорлорунун менеджери Никола Скарамуццо, Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын жетекчиси Стефанос Кареклас, Франциянын магистратурасынын  Жогорку  кеңешинин  мурдагы мүчөсү,  отставкадагы магистрат, ардактуу Башкы прокурор Жан-Мари-Юе дагы болушту.


Тегерек столдун жүрүшүндө Жан-Мари Юе  Франциядагы  магистраттардын  тартип жоопкерчилиги туурасында  айтып берди.


Иш чарада 50гө жакын  судья Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы тарабынан  судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу туурасында  кайрылууларды  кароонун  практикасын  жалпылоонун жыйынтыгын талкуулашты.


Тегерек столдун модератору катары  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева чыкты. Ал өз сөзүндө жүргүзүлүп жаткан иш чара судьялык корпус үчүн маанилүү экендигин жана  ар бир судья өзүнө тийиштүү болгон тыянакты чыгарат деген ишенимин билдирди. Мындан тышкары А. Токбаева судьяларды тартип жоопкерчилигине алып келе турган бузууларга жол бербөөгө чакырып, судьялык статусту татыктуу алып жүрүүгө чакырды.


Талкуулоонун жыйынтыгы менен  катышуучулар тарабынан  тыянактар жанан сунуштар берилди.


Белгилей кетүүчү жагдай, тегерек столдун уюштуруучулары  болуп “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын  Судьялар кеңешинин  алдындагы Тартип комиссиясы чыкты.