KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Мурастык укук мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштарды кароого байланышкан жарандык иштер боюнча сот практикасы боюнча тегерек стол өткөрүлдү

26 сентября 2022

2022-жылдын 23-24-сентябрынын  «Кыргыз Республикасынын Судьяларынын Ассоциациясы» коомдук бирикмеси, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-фаза” Программасынын колдоосу менен, мыйзамдарды колдонуу боюнча туура жана бирдиктүү соттук практиканы камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун « Мурастык укук мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштарды кароого байланышкан жарандык иштер боюнча соттук практика жөнүндө» токтомунун долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү.


Иш чарада  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Турсунгул Чаргынов чыгып сөз сүйлөдү. Ошондой эле, тегерек столдун катышуучуларынын алдында  Кыргыз Республикасынын Судьялар Ассоциациясынын төрайымы  Дилара Арстанбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окутуучусу Индира Айтбаева жана “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү” долбоорунун эксперти  Радость Тофтисова-Матерон чыгып сөз сүйлөштү.


Тегерек столдо «Мурастык укук мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштарды кароого байланышкан жарандык иштер боюнча соттук практика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомунун долбоору презентацияланып,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары, жергиликтүү соттордун судьялары, ошондой эле нотариустар  тарабынан талкууга алынды.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомунун долбооруна киргизүү үчүн зарыл болгон маселелер каралып, сунуштар иштелип чыкты.