KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайы болуп өттү

12 марта 2019

2019-жылдын  11-мартында   Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын судьяларынын  XI курултайы    өттү.


Курултайга  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  төрагасы Дастанбек Жумабеков, Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева, Кыргыз Республикасынын судьялары,  Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү,  өнөктөш эл аралык уюмдар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана башка меймандар катышышты.


Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жаңы укуктук мейкиндигиндеги судьялардын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын белгиледи:  сот органдарында мыйзамдын үстөмдүүлүгүн  камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүү, сот системасындагы кадр саясатын жогорку деңгээлге көтөрүү, жарандардын  кеңири катмарына сот  адилеттигинин  жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен соттордун ишин санариптештирүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана анын Пленумунун компетенциясында толугу менен турган сот тажрыйбасынын бир түрдүүлүгүнө жетишүү.


Ошондой эле  өлкө башчысы жазык сот адилеттигин жүргүзүүнүн жаңы тартиби жана өлкөнү өнүктүрүү үчүн жагымдуу инвестициялык климатты бекемдөө зарылдыгын белгиледи.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева судьялардын курултайына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышып, сот системасынын  ишмердүүлүгүнүн негизги  багыттарын  белгилегендиги маанилүү экендигин айтты. Судьялык кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл буруларын билдирди. Бүгүнкү күндө 75 сот залдарында аудио жана видео жазуулар орнотулганы менен  бул дагы жетишсиз болуп жаткандыгын кошумчалады.


Ошону менен бирге эле жаңы Жазык жана Жазык-процесстик кодекстеринин ишке кириши менен соттук иштерди кайрадан карап чыгуу боюнча кылдат иштерди  аткаруу зарылдыгын билдирди.


Соттордун жүктөмү тең болбой жаткандыгын айтып, судьяларга болгон жүктөмдүн нормативдерин колдонуу механизмдерин карап чыгууну сунуштады. Ар кандай чектен чыккан коррупциялык  көрүнүштөрдү дароо токтотуу керек экендигин белгилеп, мындай учурлар орун ала турган болсо кескин чаралар  көрүлөрүн эскертти.   Ишти кароонун процесстик   мөөнөттөрүн сактап,  судьяларды ишине так, жоопкерчиликтүү болууга чакырды.


Төрайым  Президент тарабынан коюлган милдеттерди аткарууга бардык судьялар   бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып аракет кылышарын ишендирди.


Курултайдын жүрүшүндө  Кыргыз Республикасынын судьясынын  Ар-Намыс Кодекси кабыл алынды. Жаңы Кодексте “жакын адамдар”, “кызыкчылыктардын кагылышуусу, “жеке кызыкчылык”, “процессуалдыктан тышкаркы кайрылуу” сыяктуу негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы берилген.


Курултай учурунда  Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин  жаңы курамы үч жылга  шайланды. Ага   республиканын бардык сотторунан  көрсөтүлгөн 15 судья кирди.


Иш чаранын соңунда  Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI   курултайынын  Резолюциясы кабыл алынды.