KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот актыларынын аткарылышы талкууланды

16 марта 2020

Нарын облусунун  Ак-Талаа райондук сотунда   жыл башында бекитилген иш планга ылайык,  райондук соттук аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн   жана Ак-Талаа району боюнча салык кызматынын кызматкерлери менен мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн сот актыларынын аткарылышын жакшыртуу боюнча кенешме өткөрүлдү.


Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 100-беренесине ылайык,  Кыргыз Республикасынын  сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары баардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймактарында аткарылууга тийиш.


Андыктан, кенешменин  жүрүшүндө Мамлекеттик алымдарды өндүрүү жөнүндө  тиешелүү  иштердин  өз убагында аткарылышы боюнча саресеп салынып, милдеттер белгиленди.


Ошондой эле, бул күнү айып пулдар боюнча соттук актылардын аткарылышы жана коррупцияны  алдын алуу боюнча маселелер талкууланды.


 


                        Нарын облустук сотунун


                         басма сөз кызматы