KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот отурумдары видеоконференция байланыш аркылуу жүргүзүлүүдө

04 августа 2020

Бүгүн,  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков Ала-Тоо 24 каналынын “Кеч эмес” программасына катышып, анда  сот отурумдары видеоконференция байланыш аркылуу жүргүзүлүп жаткандыгы туурасында маалымат берди.


Анын айтымында, акыркы бир айдын ичинде эле  20га жакын ишти видеоконференция байланышы аркылуу караган. Тараптар тарабынан мындай процесстерге нааразычылыктар болгон эмес. Тескерисинче,  бул сот отурумдун катышуучуларынын топтолушун азайтууга жана  коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербѳѳ максатында  колдонулуп жатат.


Сот отурумдарын аралыктан өткөрүү үчүн мекемедеги техникалык мүмкүнчүлүк жол бере тургандыгын Мирлан Термечиков түз эфир учурунда белгилеп өттү. Бул аракеттер айыпталуучуларды соттук отурумдарга атайын транспорттор менен ташуу жана кайтаруу маселелериндеги түйшүктөрдү азайтып, аларга каралган материалдык чыгымдарды кыскартууга да шарт түзөрүн айтты.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Кыргыз Республикасынын Сот департаментине караштуу «Адилет сот» Маалыматтык технологиялар мекемеси 2020-жылдын 1-июнунан баштап, жазык жана жоруктар иштери боюнча «дистанциялык сот отурумдар»  порталын ишке киргизген. Портал сот отурумдардын убакытын оптималдуу жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн  иштелип чыккан.