KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот системасына колдоо да, талап да жогору болмокчу

18 марта 2020

13-мартта Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Жогорку сотуна барды. Анда Мамлекет башчы сот системасын санариптештирүүнүн жүрүшү жана Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун (МИБ) ишмердүүлүгү менен таанышып, Жогорку соттун судьялары менен жолугушту. Жолугушууга онлайн видеоконференц байланыш аркылуу жергиликтүү соттордун судьялары да катышты. Президент сот системасын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын, анткени бул коррупция менен күрөшүүдө жана адам факторун азайтууда негизги курал болуп саналарын белгиледи. «Биз жарандардын, мамлекеттин тагдырларына түздөнтүз таасир этүүчү бийликтин бир бутагы болгон сот системасына материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүүнү улантабыз. Сот системасына талаптар жогору болот. Силер санарип трансформациянын авангардында болуп, мамлекеттик бийликтин башка органдарына үлгү болушуңар керек», — деди ал. С.Жээнбеков судьялардын этикалык жүрүмтурумуна жана ак ниеттүүлүгүнө басым жасады. «Соттордо акыйкаттык орнотулмайын, экономикалык, социалдык чөйрөдө, мамлекеттик башкаруу тутумунда реформаларды ишке ашырууга мүмкүн эмес», — деп билдирди Президент. Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева сот тутумун санарип тештирүү процесси жөнүндө маалымат берди. Өлкөнүн жергиликтүү сотторунда бардык инстанциядагы соттордун ишинде жумуш процесстерин автоматташтырууга багытталган соттун автоматташтырылган маалыматтык тутум (АМТ) орнотулуп, иштеп жатат. Бүгүнкү күндө биринчи инстанциядагы 64 сот жана экинчи инстанциядагы 2 сынамык сот туташтырылган. 2020 жылга карата экинчи жана үчүнчү инстанциядагы сотторго АМТ киргизүү мерчемделген. Жогорку сотто судьялар ортосундагы иштерди бөлүштүрүүнү автоматташтыруу модулу иштеп жатат. Бул тутум көптөгөн факторлорду: иштин татаалдыгынын коэффициентин, судьялардын пландуу жүктөмүн жана башкаларды эске алуу менен судьяларга жүктөмдү тегиз бөлүштүрүүнү шарттайт. Мындан сырткары, Г.Калиева сот чечимдерин чыгарууда коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу жана ачыкайкындуулукту камсыздоо үчүн сот жыйындар залында орнотулган аудиовидео фиксация системасынын иши жөнүндө айтып берди. МИБдин негизги максаты сот бийлигинин маалыматтык тутумун башка мамлекеттик органдардын маалыматтык тутумдары менен коопсуз байланыштырууну уюштуруу, аларды «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу КЖБР, Бузуулардын бирдиктүү реестри, Мамлекеттик каттоо кызматынын базасы, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Мамлекеттик  салык кызматы жана башка мамлекеттик органдар менен интеграциялоо болуп саналаары белгиленди.


http://kyrgyztuusu.kg/?p=29031