Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, жергиликтүү сотторунун судьялары, аппарат кызматкерлери жана ардагерлер кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төргасынын мурдагы орун басары Акназарова Калима Корчубековнага атасы Акназаров Корчубек Акназаровичтин мезгилсиз дүйнө салгандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Сиздин үй-бүлөңүздүн, туугандарыңыздын жана жакындарыңыздын орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз.