KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун кызматкери Кыргызтесттен эң жогорку балл алды

15 марта 2019

2019-жылдын 14-мартында Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси тарабынан 2018-жылы мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн тесттин жыйынтыгы боюнча сертификаттарды тапшыруу аземи болду.


Расмий иш чарада тестти С1 деңгээлине (Жогорку) тапшырып, эң жогорку балл топтогон жана мамлекеттик тилди жаңыдан үйрөнүп, тест боюнча мыкты жетишкендиктерин көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын 60 кызматкерине сертификаттар тапшырылды. Сертификат алгандардын ичинде  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жарандык иштер боюнча  соттук коллегиясынын  ишин камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси  Азамат Дубанаев дагы бар.


Сертификатты расмий тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлдөрү катышып, мамлекеттик тилдин өнүгүү тарыхындагы бул саамалыктын маанисин, ордун, максатын чагылдырган баяндама жасоо менен жеңиш ээлерин куттукташты.


«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская  2018-жылы жүргүзүлгөн тест боюнча маалымат берүү менен, «Кыргызтест» системасынын өнүгүүсүнө салым кошуп жаткандыгы үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга терең ыраазычылыгын билдирди.