KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун аппарат кызматкерлери кесиптик ишмердүүлүктөгү этиканы жана психологияны өздөштүрүштү

07 февраля 2019

2019-жылдын  7-февралында  Бишкекте,  “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат кызматкерлеринин  кесиптик ишмердүүлүгүнүн  этикасы жана психологиясы”  деген темадагы,  Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” программасынын  колдоосу менен  эки күндүк жумушчу семинар  өз ишин аяктады.


Иш чарага   Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун алдындагы Сот  адилеттигинин жогорку мектебинин директору Раушанай Тургунбаева,  ошондой эле эксперттер  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  юристи,  отставкадагы судья,  Сот  адилеттигинин жогорку мектебинин  лектору Лариса Гутниченко,  адвокат,  отставкадагы судья  Мадина  Давлетбаева,  Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” программасынын эксперти Радост Тофтисова-Матерон,   Франциянын магистратурасынын  жогорку  кеңешинин  мурдагы мүчөсү,  отставкадагы магистрат Жан-Мари-Юе болушту.


Семинардын негизги максаты  соттордогу аппарат кызматкерлеринин  практикада  кесиптик этиканы сактоосу,  ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алып, эскертүү болуп саналат.


Иш чаранын жүрүшүндө Франциянын  отставкадагы магистраты  Жан-Мари-Юе  Франциянын  мыйзам базасы, мыйзамдык ченемдик актыларды жана деонтологиянын ички  эрежелери туурасында аталган өлкөнүн моделин түшүндүрүп берди.


Мындан тышкары  судьялардын жана  Кыргыз Республикасынын  сотторундагы аппарат кызматкерлеринин  этикалык жүрүм-турумунун базалык принциптерине анализ жасалды.


Жогорку соттун аппарат кызматкерлери  негизги этикалык баалуулук жана мамлекеттик кызматкердин сапаты, ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышуусун  алдын алуу, анын чыгышынын жагдайларын аныктоо туурасында талкуу курушту.


Белгилей кетсек,  аталган семинарга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  50дөн ашык  аппарат кызматкерлери  катышышты.