KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат кызматкерлери: “Этика жана кесиптик ишмердүүлүктүн психологиясы” темасындагы окууларга катышышты

17 апреля 2019

16-апрелде, «Смарт отель» мейманканасынын  конференц-залында  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун  аппарат кызматкерлери үчүн  этика жана  кесиптик ишмердүүлүктүн  психологиясы боюнча  семинар болуп өттү.


Иш чаранын ачылышына  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун алдындагы Сот  адилеттигинин жогорку мектебинин директорунун орун басары Алымбекова Галия Темирхановна, Кыргыз Республикасындагы Европа  биримдигинин  өкүлчүлүгүнүн  кызматташуу боюнча бөлүмүнүн  долбоорлорунун менеджери Никола Скарамуццо, Европа  биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын жетекчиси Стефанос Кареклас  катышышты.


Окуулардын жүрүшүндө  семинардын катышуучулары келечекте  алынган тажрыйбаларды  өзүнүн ишмердүүлүгүндө колдоно турган  кесиптик этиканын  эрежелеринин  нормативдик укуктук базасы, кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча  мыйзамдарды колдонуу жана имплементациянын өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышышты.


Белгилей кетүүчү жагдай, моралдык  принциптердин  системасын  орнотууга,  жүрүм-турумдун нормалары жана  эрежелерине  багытталган  кесиптик этика  сот тутумундагы ар  бир кызматкерди  даярдоонун ажырагыс бөлүгү  болуп саналат.


Эл аралык тренерлер катары, Франциянын магистратурасынын  Жогорку  кеңешинин  мурдагы мүчөсү,  отставкадагы магистрат Жан-Мари-Юе,  улуттук тренерлер катары Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  юристи,  отставкадагы судья,  Сот  адилеттигинин жогорку мектебинин  лектору Лариса Гутниченко жана  адвокат,  отставкадагы судья, Сот  адилеттигинин жогорку мектебинин штаттык окутуучусу Мадина  Давлетбаевалар чыгышты.


Аталган семинар Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен Сот  адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан, “Кыргыз Республикасында укук  үстөмдүгүнүн 2-фазасы”   долбоорунун жана   Эл аралык укук кызматташтык  Франция  агенттигинин компонентинин (JCI) колдоосу менен  өткөрүлдү.


Семинардын соңунда  иштин жыйынтыктары чыгарылып,  сертификаттар тапшырылып,  семинардын катышуучуларынын арасында  анкеталоо  жүргүзүлдү.