Ысык-Көл облустук сотунун кызматкерлери 2019-жылдын 16-мартында ишембиликке чыгышты. Облустук соттун имаратынын айланасы тазаланды. Тегерек- четин ирээтке келтирип, жашылдандыруу боюнча жарыяланган 3 айлыктын алкагында ишембиликти өткөрүү планга киргизилген. Бул шаардын тазалыгын сактап, санитардык абалын жакшыртууга жана жашылдандырууга багытталган.
Андыктан, жаз айларынын ар аптасынын соңунда сот кызматкерлери тарабынан тийиштүү аймакты тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү.
Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы
Гульзада Аширбаева