KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

СОТТОР КАЛЫСТЫГЫНАН ТАЙГАН ЖОК

05 января 2021

Азыркы мезгилде соттор туурасында калпыс сөздөрдүн айтылышы, коомчулуктун бүйрүн кызытып турган учур.Жалпыга маалымдоо каражаттарында,эл арасында да ишенбөөчүлүктүн казаны кайнап турат. Бирок,антына туруп, мыйзам алкагында соттук чечим чыгаргандар жок эмес.Өзүм доогер болуп,Жалал-Абад областтык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы, төрагалык кылуучу С.Жолчу кызы. судьялар Т.С. Осмонов,С.З.Жороев курамында болуп жүргүзүлгөн процессте ээлеген кызмат ордума калыбына келтирүүнү жана аргасыз бош жүргөн күндөрүмө айлык акыны өндүрүүнү суранган аппелациялык даттануумду  карап,биринчи соттук  истанциядагы канаттандыруусуз калтырылган чечимин жокко чыгарып, ээлеген кызмат ордумду калыбына келтирди.


Мыйзам чегиндеги чечимге ыраазычылык билдирүү менен:


– акыйкатсыздыктын алдын торогон,адилеттүүлүктү  туу туткан, инсандык нарк- насилди бийик тутушкан жогорудагы аты аталган судьяларга окшогон инсандар бар экенине эч күмөн саноого болбойт.


Терең урматто менен:


Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар жана журналисттер сюзунун мүчөсү, журналист,жазуучу-драматург        Ооганбек  Станбеков.


aimak.kg