KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча кезектеги мелдеш өттү

08 апреля 2019

2019-жылдын 5-апрелинде Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында Ак-Суу районунун сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу Оморов Алмаз Усупбековичтин жаркын элесине арналган Ысык-Көл областынын жергиликтүү сотторунун кызматкерлеринин арасында кичи-футбол боюнча мелдеш өттү.


Спорттук иш чара жылына бир жолу жергиликтүү соттордун командаларынын арасында өткөрүлүп келет.


Жалпысынан мелдеште областтык соттун, райондук жана шаардык соттордун жана Сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн 7 команда ат салышты.


Оюндун  башкы максаты болуп сот системасынын кызматкерлеринин арасында сергек жашоого үндөө, достук жана спорттук алаканы бекемдөө жана мыкты кичи-футбол командасын аныктоо.


Мелдештин жыйынтыгы боюнча биринчи орунду Жети-Өгүз райондук сотунунун командасы багындырып, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми экинчи орунга Сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгынын командасы, үчүнчү орунга Каракол шаардык сотунун командасы ээ болуп, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.


Мыкты оюнчуларга ар кандай номинациядагы дипломдорду жана медалдарды Ысык-Көл райондук сотунун судьясы Токтогул Жумаев тапшырды.


Мыкты дарбазачы болуп Каракол шаардык сотунун IT-консультанты Адилет Кубанычбеков жарыяланса, мыкты коргоочу болуп Ак-Суу  райондук сотунун иш кагаздарын жүргүзүүчү Жанболот Асанбаев таанылды. Ал эми мыкты чабуулчу наамы Балыкчы шаардык сот приставдар бөлүмүнүн улук сот приставы Токторбай уулу Акылбекке берилди. Ошондой эле мыкты оюнчу наамы Каракол шаардык сотунун судьясынын жардамчысы  Нурлан Курдашовго ыйгарылды. Судьялардын арасынан мыкты оюнчу наамы Каракол шаардык сотунун судьясы Уланбек Суранчиевге берилди.


                       Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы Гульзада Аширбаева