KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Студенттер соттун иши менен таанышышты

05 марта 2019

Талас облустук соту “Ачык эшик күнү” иш чараларынын  алкагында Талас шаарындагы ИСИТО юридикалык колледждин студенттери  менен жоолугушуу өткөрдү.


Болочок юристерге, 1-январь 2019-жылдан баштап сот өндүрүшүндө колдонулууга кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча түшүндүрмө лекциялар жана сот тутуму боюнча кеңири маалымат берилди. Талас облустук сотунун судьялары Омурлан Тункатаров жана Мирлан Боромбаев колдонууга кирген жаңы  кодекстердин жана мыйзамдардын өзгөчөлүктөрү  жана  айырмачылыктары жөнүндө, мындан тышкары акыркы жылдардагы сот тутумунда жүрүп жаткан реформалар жөнүндө айтып беришип, келген студенттердин кызыгуу жараткан суроолоруна жооп беришти.


ИСИТО Талас кесиптик колледжинин директору  Дамира Куттубаеванын демилгеси  менен  жана аталган соттун төрагасы менен биргеликте юридикалык кесипти тандаган студенттерге практикалык ачык сабактарды өткөрүү  жагы макулдашылды.