KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Студенттер Ысык-Көл облустук сотунда болушту

07 мая 2019

Жаштардын өлкөбүздүн сот тутуму туурасында маалыматтулугун жогорулатуу максатында 2019-жылдын 7-майында Ысык-Көл облустук соту студенттерге «Ачык эшиктер күнүн» өткөрдү.


Иш чарага Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик юридикалык академиясынын Ысык-Көл юридикалык институтунун 1-3-курстарынын студенттеринен түзүлгөн илимий-практикалык ийриминин катышуучулары катышышты.


Ысык-Көл облустук  сотунун басма сөз катчысы Гульзада Аширбаева студенттерди соттун ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Алар соттун бардык иш бөлмөлөрүндө болушту. Соттун аппаратынын кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык милдеттери жөнүндө айтып беришти. Андан соң, судьялар Алмазбек Апышев жана Гульбара Кудабаева студенттер менен маек куруп, насааттарын айтышты. Бир катар суроолоруна жооп берип, студенттерди жакшы окууга, өлкөбүздүн мыйзамдарын сыйлап, бекем сактоого чакырышты.


Иш чаранын соңунда катышуучуларга «Аял-судьялардын кыргыз ассоциациясы» коомдук бирикмеси тарабынан даярдалган  «Мен Кыргызстандын сот системасы жөнүндө билем» аттуу китеп куралдары белекке тапшырылды.


Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы


Гульзада Аширбаева