KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Студенттер Жалал-Абад облустук сотунда болушту

29 ноября 2019

Сот тутумунун ачыктыгын камсыз кылуу жана өлкөбүздүн сот тутуму жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында 2019-жылдын 26-ноябрында Жалал-Абад облустук сотунда студенттерге «Ачык эшик күнүн» өткөрүлдү.


Иш чарага Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин юридикалык факультетинин 2-курсунун студенттери катышышты.


Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Улукбек Калыбеков жана төраганын орун басары Токтосун уулу Каныбек Жалал-Абад облустук сотунун конференц-залында “Ачык эшик күнүнө” катышкан студенттер менен таанышып, сот тутумунун ишмердүүлүгү,  Жалал-Абад облустук сотунун түзүмүнүн курамы, иштерди кароонун тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө студенттерге баяндама жасашты.


Судьялар студенттерди жакшы окууга чакырышып, өлкөбуздө кабыл алынган жаңы мыйзамдардын талаптарын кыскача түшүндүрүштү.


Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары Токтосун уулу Каныбек судьялардын кызматтык милдеттери тууралуу түшүндүрмө берип, студенттер менен маек өткөрүп, аларга насааттарын айтты.


Андан ары студентер теориялык билимин иш жүзүндө көрүү үчүн соттук жыйындарга катышып, сот жыйыны реалдуу мезгилде кандай өтөөрүн өз көздөрү менен көрүшүп, соттук теришттирүүгө катышуудан кийин студенттер сот отурумдарын кызыктуу өткөнүн жана судьялардын ишмердиги жөнүндө көп пайдалуу маалымат алышканын билдиришти.