KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жети-Өгүз районунун аксакалдар сотторуна усулдук жардам көрсөтүлдү

19 ноября 2019

Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасы Адилет Шаршеев жана судьясы Тилек Чоткараев Жети-Өгүз районунун аксакалдар сотторунун төрагалары, айыл өкмөттөрдүн башчылары жана алардын жооптуу катчылары менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин колдонуу практикасын, аймакта иш алып барууда жаралган көйгөйлөр, аксакалдар сотторунун ишиндеги мүчүлүштүктөрү жана аларды жоюу жолдорун жана жогоруда аталган органдардын өз ара кызматташуусун жакшыртуу маселесин талкуулашты.


Мындан тышкары, судьялар аксакалдар сотторуна усулдук жардам көрсөтүшүп, сотторго берилген ыйгарым укуктардын чегинде көмөк  көрсөтүп, айрым маселерди чечүүгө даяр экенин билдиришти.


Ал эми  катышуучулар судьяларды демилгелери үчүн алкап,  көп пайдалуу жана укуктук билимди өркүндөтүүчү маалымат алышканын белгилешти.  Жакында күч түзүмдөрүнүн, Жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн, айыл өкмөттөрдүн юристтери жана башка жооптуу кызматкерлердин катышуусунда кеңири  форматтагы жолугушууну уюштуруу  сунушталды.


Жыйындын соңунда судьялар катышуучуларга жолугушууга келгендиги үчүн  ыраазычылык билдиришип, иштерине ийгиликтерди каалашты.


 


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


Гульзада Аширбаева