Баткен областынын район жана шаардык сотторунун кызматкерлери коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өтүшүүдө. Лейлек райондук жана Кызыл-Кыя шаардык сотторунун кызматкерлери, сот аткаруучулар кызматынын жана сот приставдар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери COVID-19га каршы эмдөөнүн биринчи этабынан өтүштү. Эмдөө эки баскычта жүргүзүлөт, экинчи эмдөө 21 күндөн кийин жасалат.
Ошондой эле Ош облусунун Алай райондук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери COVID-19 илдетинен сактануу жана жайылышына жол бербөө максатында вакцинанын биринчи дозасын алышты.