KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот тутуму  Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесин  өткөрдү

03 декабря 2018

Чыгармалары дүйнөлүк асыл наркка айланган улуу  жазуучу Чыңгыз Айтматовдун  90  жылдык  маарекесин белгилөөнүн  алкагында  Кыргыз улуттук илимдер Академиясында сот тутумунун кызматкерлеринин  катышуусунда   “ Ч. Айтматов доор адам”  аттуу  иш чара  болуп  өттү.


Мында  Кыргыз Республикасынын Жогорку соту  башында  турган  8  команда  жазуучунун  “Биринчи мугалим”, “Кылым карытаар бир күн”, “Гулсары”,  “Саманчынын жолу” , “Жамийла”,“Тоолор кулаганда”,  “Ак кеме”  жана  “Кызыл жоолук жалжалым”  чыгармаларын  санхалаштырып  тартуулашты.


Айта  кетсек,  жогоруда  аты  аталган  сегиз команда  булар: Жогорку сот, Бишкек  шаарынын Ленин райондук соту, Бишкек  шаарынын Октябрь  райондук соту,  Бишкек  шаарынын Биринчи Май райондук соту, Бишкек  шаарынын Свердлов райондук соту,  Бишкек  шаарынын райондор аралык соту,  Бишкек шардык соту жана Чүй  облустук сотторунан  куралган .


 


Калыстар тобунун  төрагасы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын  академиги  Ч.  Айтматов  атындагы тил жана  адабият  институтунун  директору Абдылдажан Акматалиев  илимдер   академисынын сахнасында биринчи жолу  Ч. Айтматовдун чыгармалары  көрсөтүлгөндүгүн белгилеп, сот тутумунун кызматкерлери эң жогорку даярдыкта келишкендигин кошумчалада.   “Бүгүн  абдан  чоң майрам  болду. Сот кызматкерлеринин  арасында таланттар абдан  көп  экендигине  баа бердим.  Мага сахнадагы  ар  бир чыгармага  болгон  мамиле жакты. Буга чейин  театрда  көрбөгөн  учурлар  да камтылганы  менин жүрөгүмдү  жылытты”.


Жыйнытыгында Бишкек шаарынын Биринчи  Май райондук  сотунун кызматкерлеринен куралган топ    ”Саманчынын жолу” чыгармасы менен  биринчи орунга ээ болду.  Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун командасы    “Кылым карытар бир күн” романына кошумча бөлүм катары жазылган  “Чыңгызхандын ак булуту” повестин  сахналаштырып,   экинчи орунду багындырышты.  Үчүнчү орунду  болсо Бишкек шаарынын райондор аралык соту “Ак кеме” повестин аткарып жеңип алышты.


Мындан тышкары  эң мыкты мырзанын  жана  айымдын  ролу, эң мыкты улуттук кийим жана эң мыкты  улуттук тамак-аш боюнча дагы жеңүүчүлөр аныкталып,  кубок, диплом жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.


Кошумчалай кетсек, иш  чаранын катышуучулары    Кыргыз улуттук илимдер академиясында ачылган Ч. Айтматовдун музейинде дагы  болушуп, академиянын имаратынын ичинде орун алган жазуучунун бюстуна  гүл чамбар коюушту.