KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунун судьялары биринчи инстанциядагы соттордун ишиндеги кемчиликтерди аныкташты

21 декабря 2020

Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басарлары, судьялары жана соттун аппарат кызматкерлери, Баткен областынын биринчи инстанциядагы сотторуна соттук иштерди кароодо мыйзамдардын туура колдонулушу боюнча практикалык жардам көрсөтүү максатында жана жалпы иш алып баруусу боюнча Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаардык, Баткен жана Лейлек райондук, Баткен областынын административдик сотунда иш сапарлар менен болушту.


Иш сапардын алкагында биринчи инстанциядагы соттор тарабынан 2020-жылы иштерди жана соттук материалдарды кароодо, иш кагаздарын жүргүзүүдө кетирилген кемчиликтер аныкталып, ал боюнча жыйын өткөрүлүп, биринчи инстанциядагы судьяларга жана аппарат кызматкерлерине түшүндүрмөлөр берилди.


Ошондой эле, райондук жана шаардык соттордо күчүнө кирген соттук актыларга аткаруу барактарынын жазылышы, соттук иштердин “act.sot.kg” сайтына киргизилиши  жана аларга эсептик-статистикалык карточкаларынын толтурулушу жана аудио жана видео жазуу системасын киргизилиши боюнча маалыматтар алынды.