KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Республикада жарыяланган өзгөчө абалда жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгү жөнүндө судьялар жарандарга түшүндүрмөлөрдү беришти

10 апреля 2020

Мамлекетибиздеги болуп жаткан кырдаалга байланыштуу Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары Жылдыз Жумагулова жана Талас шаардык сотунун тергөө судьясы Акылбек Турусбеков Талас облустук телерадиокомпаниясында өзгөчө абал учурундагы жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгү жөнүндө жарандарга маалымат беришти.


Телекөрүүчүлөргө, өзгөчө абалда жергиликтүү соттордо сот отурумдарын өткөрүү тартиби, коопсуздук эрежелери жөнүндө түшүндүрмөлөр берилип, үйдөн чыкпастан уюлдук байланыш телефондору же башка байланыш каражаттары жана электрондук почта аркылуу кызыккан маалыматты алуу жөнүндө, ошондой эле башка аймактан келип иштеген соттун кызматкерлеринин автоунааларынын жумуш ордуна келүүсүнө тоскоолдуктарды жаратпоо максатында, Талас облустук сотунун жетекчилиги менен бирдикте инфекцияга каршы күрөшүү боюнча Талас облустук ыкчам штабынын макулдашуусу менен “Өткөрмө” (пропуск) иштелип чыгып, соттун кызматкерлерине таратылгандыгы жөнүндө кеңири маалымат берилди.


Актуалдуу маектин соңунда судьялар телекөрүүчүлөрдү өлкөбүздө илдеттин жайылып кетпеши үчүн, эрежелер менен тартипти сактоого чакырып, эли-журтубузга чын ден-соолук, чыдамдуулукту жана аманчылык каалашты.