KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар жана эксперттер аял-судьялар ассоциациясынын тажрыйбасын талкуулашты

23 апреля 2021

2021-жылдын 21-22-апрелинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Демократиялык институту жана адам укугу боюнча бюросу “Борбор Азиядагы гендер, ар түрдүүлүк жана адилеттүүлүк — Аял-судьялар ассоциациясы” деген аталыштагы онлайн вебинар өткөрүштү.


Аталган онлайн вебинарга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Болотбек Акматов катышты.


Иш чаранын максаты  сот адилеттиги тармагында  аялдардын артыкчылыктарын талкуулоо болду. Анда кесиптик аял-судьялар  ассоциациялары сот адилеттигиндеги теңчиликти кантип  колдой тургандыктарын  жана укук коргоо органдары менен калктын ортосунда ишенимди бекемдөө боюнча кандай аракеттер  болуп жаткандыгын айтып беришти.


Ошондой эле катышуучулар аял-судьялардын бирикмелеринин алдыңкы  тажрыйбалары боюнча Демократиялык институту жана адам укугу боюнча бюросу жүргүзгөн  изилдөөлөрдү, аял -судьялар ассоциациялрын түзүү маселелерин талкуулашты.


Вебинарга Борбор Азиянын, Европанын бардык мамлекеттеринин өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышты.