Бул күндөрү Нэшвиллде (Теннесси, АКШ) Америка Кошмо Штаттарынын аял судьяларынын Улуттук Ассоциациясынын (NAWJ) жыл сайын өтүүчү 43 — Эл аралык конференциясы өтүүдө.
2021-жылдын 6-октябрынан 9-октябрга чейин өтүүчү иш-чарада Кыргыз Республикасынын сот тутумун атынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы — Мээргуль Бобукеева жана Бишкек шаарынын Свердлов районунун судьясы Жыпар Сабырова чыгышты.
Конференцияда катышуучулар аялдардын шайлоо укугу, судьялардын этикасы жана кесипкөйлүгү, калктын аялуу топторунун сот адилеттигине жетүү көйгөйлөрү, соттун адамдык абийири (эмоционалдык) жагы, соттук териштирүүдөгү гендердик теңчилик көйгөйлөрү, муундар ортосундагы айырмачылыктарды, үн катпаган жана Х муундун өкүлдөрүнүн көйгөйлөрү талкуулашат.
Иш -чарага дүйнөнүн 16 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышып жатканын белгилейбиз.