KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Лейлек районунун судьялары аксакалдар сотторунун төрагалары менен жолугушту

10 марта 2020

Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун төрагасы Э.Б.Абдимиталипов, судья Н.Н. Турдалиев жана Лейлек району боюнча медиатор  Д. А. Суханбердиев менен биргеликте Кулунду, Жаңы-Жер, Маргун, Бешкент айыл аймактары боюнча аксакалдар сотторунун төрагалары жана мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүштү.


Жолугушууда аксакалдар сотторунун иш алып баруусу менен таанышып, жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди кароодо мыйзамдуулуктун сакталуусу боюнча усулдук жардам көрсөтүлдү.


Жолугушуунун жыйынтыгында, Лейлек райондук сотунун төрагасы Э.Б.Абдимиталипов катышуучуларга иштерине ийгилик каалашып, мындай жолугушууларды өз ара кызматташууну жакшыртуу үчүн  уюштуруп турарын билдиришти.