KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары мектеп окуучулары менен жолугушууларды улантууда

24 января 2022

Мектеп окуучуларынын укуктук билим денгээлин жогорулатуу жана жаш өспүрүмдөр тарабынан кылмыштуулукту болтурбоо максатында, Талас шаарынын мектептерине бекитилген Талас облустук сотунун төраганын орун басарлары Омурлан Тункатаров, Айнура Султаналиева жана судьясы Бакыт Ибраимов, К. Дарданов атындагы №3 мектеп-гимназиясынын окуучуларына барышып лекция окушту.


Лекция учурунда судьялар  сот тутумунда болуп жаткан жаңылыктар жөнүндө, ошондой эле 2021-жылдан аягында колдонулууга кирген жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча түшүндүрмөлөрдү беришип, өзгөчө жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалып жаткан мыйзам бузуучулуктары жана анын кесепеттери жөнүндө кеңири токтолушуп, талкуулоо өткөрүштү. Өзгөчө мааниге ээ болгон “Мектеп окуучулары арсындагы рэкет” жана “ Үй-бүлөдөгү зомбулук” кылмыштары жөнүндө темаларына көңүл бурушту.


Жолугушуу учурунда аталган мектептин окуучулары Али Суюмбаев мектеп окуучусу өз алдынча иштөөгө болобу деген суроо узатса, ал эми Зейнеп Алтынбекова үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча суроолорду берди.


Жогоруда берилген суроолорго судьялар кеңири жооп беришип, окуучулардын берген суроолору боюнча укуктук денгээлин жогорулатышты.


Ал эми, төраганын орун басарлары Омурлан Тункатаров жашы жетелектердин жоопкерчиликке тартуунун жана аларга карата колдонулуучу жазалардын өзгөчөлүктөрү боюнча айтып берсе, Айнура Султаналиева болсо балдарды коргоо боюнча бир нече конвенция жана мыйзамдар жөнүндө маалымат берди.


Ошол эле учурда, судья Бакыт Ибраимов окуучуларга жашы жетелектердин уурдоо жана тоноо жөнүндөгү кылмыштары боюнча кеңири айтып, алардын өзгөчүлүктөрү жөнүндө түшүндүрмө берди.


Жолугушуунун соңунда Талас облустук сотунун судьялары, мектеп окуучуларына билим алууда, укуктук билим денгээлин жогорулатууда ийгиликтерди каалап кетишти жана аларга карата соттун ишердүүлүгү жөнүндө “Ачык эшик күнү” иш-чарасын уюштуруп берүүнү макулдашышты.


 


                                                              Талас облустук сотунун   басма сөз катчысынын м.а.    Э. Балыбаев