KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нарын облустук сотунун судьялары   түз эфирде  көрүүчүлөрдүн  суроолоруна  жооп  беришти

28 января 2019

Нарын облустук сотунун судьясы Азамат Койлонбаев жана Нарын шаардык сотунун судьясы Назира Сейдакмат кызы Нарын облустук мамлекеттик телерадио компаниясынын түз эфирдеги  көрсөтүүсүнө  катышты.  Анын  жүрүшүндө 2019-жылдын 1-январынын күчүнө  кирген  жаны кодекстер жана  мыйзамдар   тууралуу кеңири  маек  курушуп,  бир  топ  суроолого  жооп  беришти.


Түз  эфир  учурунда, көрүүчүлөр жаңы  кодекстердин  актуалдуулугу, анын  колдонуудагы түшүнбөстүктөр  туурасы суроо  беришти. Айрым  телекөрүүчүлөр  жашоо бир огунда  турбагандай  эле  жаңы мыйзамдык  документтердин  зарылдыктарын кошумчалашты.


Ал эми судьялар, алгач  ар бир жаңы укуктук актылардын толук кандуу   иштөөсү, же тагыраак айтканда коомчулук тарабынан кабыл алынышы үчүн тиешелүү убакыттар керектиги  да мыйзам ченемдүү көрүнүштөрдүн бири экендигине  токтолушуп, кеңири  маалымдоо иштери жүрө  турганын  айтышты.