2019-жылдын 14-июнь күнү Ош областтык сотунун төрагасы Алмаз Абдылдаев, төраганын орун басары Элнара Мадмарова жана жарандык иштер боюнча коллегиясы Нооокат районунун аксакалдар сотторунун төрагалары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун максаты Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 5-июлундагы «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамын ишке ашырууга багытталып, анда жергиликтүү аксакалдар сотторунун иш-милдеттери, иштерди кароонун тартиби, иш боюнча колдонуучу таасир көрсөтүүчү чаралары жана алар тарабынан чыгарылчу чечимдердин аткарылуусуна көзөмөл жүргүзүүсү, чечимдерге карата даттануунун тартиптери талкууланып, усулдук жардам көрсөтүлдү.
Иш-чаранын соңунда төраганын орун басары Элнара Мадмарова Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү коомчулукта сый-урматка жана кадыр-баркка ээ жарандар экендигин ошол себептен жарандарды ортосундагы соттук иштердин алдын алууга багытталган иштерди алып барууга чакырып, усулдук же чечимдерди аткарууга байланышкан суроолор болсо жергиликтүү соттордун эшиктери дайыма ачык экендигин белгилеп өттү.
Ош областтык сотунун басма сөз кызматы