KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар болочок юристтерге ачык сабактарды өтүштү

11 декабря 2018

Нарын шаарындагы юридикалык колледждин студенттери   Нарын шарындагы сот тармагында иштеп жатышкан судьялар менен укуктук билимдери боюнча атайын ачык сабактарды  уюштурушту.Жолугушууларды  юридикалык колледждин мугалимдер жамааты  демилгелешкен.


Студенттерди 2019-жылы сот өндүрүшүнө колдонулуучу жаңы кодекстер кызыктырды. Апта ичиндеги ачык сабактарга жаңы  кодекстердин өзгөчөлүктөрү  жана  айырмачылыктары  тууралуу Нарын  облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Алдаярбек Абдыбеков, облусутук соттун судьясы  Азамат Койлонбаев,  Нарын шаардык сотунун төрагасы Жолдошбек Жеңишбек уулу  жана Нарын райондук сотунун судьясы Руслан Калдыбаев катышып, кеңири маалыматтарды   беришти.


Акыркы жылдардагы сот тутумунда жүрүп жаткан реформалар, ошондой эле жаңы кодекстер сот тутумундагы ачык-айкындуулукту, коомчулуктагы  сот тармагына болгон көз караштарды оң жагына өзгөрткөнгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт”,-деди Нарын облустук  сотунун  төрагасынын милдетин аткаруучу А.Абдыбеков.


Уюштурулган ачык сабакта студенттер сот тармагына мүнөздүү ар кыл темадагы суроолорго да жоопторду алышты. Жолугушууну жыйынтыктап жатып колледждин директору Нурбек Андабеков практикалык ачык сабактар өзүнүн натыйжасын  берерин  белгилеп, судьялардын дарегине терең ыраазычылыгын билдирди.


Эскерте кетсек,  Нарын шаарындагы юридикалык колледж 2006-жылы ачылган. Учурда аталган окуу жайда 120га жакын студенттер билим алып жатышат.   Жыл сайын   30-35 студент  окуу жайды аяктап, юридикалык атайын  орто билимге ээ болушат.


 


             Б.Белеков


       Нарын облустук сотунун


      басма сөз катчысы