KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Доха шаарында соттордун сатылбастыгы жана чынчылдыгы талкууланууда

27 февраля 2020

Ушул күндөрү Катар мамлекетинин Доха шаарында “Кече, бүгүн, келечек” аталышындагы сот органдарынын акыйкаттыгын жана тазалыгын камсыз кылуунун Глобалдык тармагынын экинчи жогорку деңгээлдеги кеңешмеси өтүп жатат.  Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева, Баткен облустук сотунун төрайымы Гульмира Кожобекова жана Чүй облустук сотунун төрагасынын орун басары Жыргал Мурзалиева катышууда. Белгиленген жолугушууга дүйнө мамлекеттеринин жогорку жана улук судьялары, ошондой эле сот органдарынын башка кызматкерлери, эл аралык жана регионалдык соттордун кызматкерлери, эл аралык жана регионалдык уюмдардын, жеке секторлордун өкүлдөрү келишкен.


Азыркы учурда аталган тармактын түзүлгөндөн баштап ишинин жыйынтыгын чыгаруу жана анын 2018-2019-жылдарга бекитилген иш-планынын артыкчылыктуу багыттары боюнча жасалган иштери талкууланууда. Мындан тышкары, иш чаранын жүрүшүндө судьялардын чынчылдыгы жана сатылбастыгы боюнча болуп жаткан, ошондой эле пайда боло турган көйгөйлөр жана сот органдары тарабынан аларды чечүүгө багытталган аракеттер каралат. Ошону менен бирге Глобалдык тармактын келечектеги артыкчылыктуу багыттары аныкталат.


Эскерте кетсек, сот органдарынын акыйкаттыгын жана тазалыгын камсыз кылуунун Глобалдык тармагы Доха декларациясын ишке ашыруу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Глобалдык программасынын алкагында жасалган бирден бир негизги чечкиндүү аракеттеринин жыйынтыгы болгон. Ал 2015-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Конгрессинде кабыл алынган Доха декларациясынын негизги жоболорун аткарууда мүчө мамлекеттерге жардам көрсөтүүгө багытталган.


Бул Глобалдык тармак 2018-жылдын  апрель айында Вена шаарында 106 өлкөнүн 40 судьялар ассоциациясынан, 35 башкы судьялардын жана башка сот органдарынын өкүлдөрүнөн турган 350 жогорку деңгээлдеги катышуучуну чогулткан бийик деңгээлдеги иш чарада түзүлгөн. Аталган чогулуш Бириккен Улуттар Уюму тарабынан уюштурулган судьялардын эң чоң жолугушуусу болгон.