Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда судьялардын катышуусунда «Улуттук Медиация Борбору»коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө медиациялык жолугушууларды өткөрүү жана талаш-тартыштарды медиациянын жол-жобосун колдонуу менен чечүүнүн укуктук өбөлгөлөрү талкууландыю
Ошондой эле соттук процесстин катышуучуларына медиациянын жол-жобосун өткөрүүнүн жүрүшү жана сот тарабынан иштерди медиацияга жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында жарандык жана кылмыш иштерин чечүүдө мындан ары медиацияны колдонуу маселелери боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга келишти.