KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аксакалдар соттору менен эриш-аркак иш алып барууну бекемдөөдө

17 марта 2020

2020-жылдын 16-мартында Талас облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Омурлан Тункатаров, Жекшеналы Курманбаев жана Бакай-Ата райондук сотунун төрагасы Нурмухамбет Кермалиев  Талас облусунун Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын акими Чолпонкул Төрөкулов, укук коргоо органдарынын, өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү аксакалдар сотторунун мүчөлөрү жана жайыт комитетинин өкүлдөрү менен жолугушуу  өткөрүштү.


Жыйында 2019-жылдын  1-январынан баштап колдонууга киргизилген жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын, “Аксакалдар соттору” жана “Пробация жөнүндө” мыйзамдарынын колдонулушу жана тергөө-судьясы жөнүндө кеңири маалыматтык түшүндүрүү иш чаралары жүргүзүлдү.


Акназаров жана Миң-Булак айыл аймактарынын аксакалдар сотторунун төрагалары Калыгул Асылбеков менен Түйтөбек Рахмателдиев судьяларга кайрылып, жалпы Талас облусу боюнча аксакалдар сотторунун бирдиктүү иш алып баруусун жакшыртуу максатында Талас облусундагы аксакалдар сотторуна мыйзамдарды туура колдонуу үчүн практикалык жардамдарды көрсөтүүнү сунушташты.


Мындан тышкары, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси боюнча кеңири семинар өткөрүүнү суранышты.


Судьялар жогоруда келтирилген сунуштар боюнча жакынкы арада жолугушууларды өткөрүүнү убадалашты.