KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун судьялары Евразиялык экономикалык биримдигинин эл аралык конференциясына катышышты

26 ноября 2020

2020-жылдын  25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева жана Жогорку соттун судьясы Айбек Давлетов Евразиялык  экономикалык биримдигинин      “ЕАЭБдин интеграциясынын жаңы чакырыктары: укуктук чен” деген аталыштагы эл аралык конференциянын ишине онлайн катышышты.


Айнаш Токбаева өз сөзүндө ЕАЭБ Соту үчүнчү жолу  бийлик  органдарынын, юридикалык  жана илимий  коомчулуктун өкүлдөрүн чогултуп, Евразиялык экономикалык биримдигин өнүктүрүү, аталган интеграциялык бирикменин алкагындагы ЕАЭБ Сотунун ролу туурасында   актуалдуу маселелер талкууланып келе жаткандыгын  айтты.


ЕАЭБ укук тармагындагы  алдыңкы адистерди бириктирген эл аралык конференцияда   Жогорку соттун судьясы Айбек Давлетов ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин  жогорку сотторунун өз ара кызматташтыгы боюнча доклад жасады.


Эл аралык конференция үч күнгө созулуп, анда катышуучулар эл аралык соттун процесстик аспектилери, электрондук сот адилеттигин колдонуу, ошондой эле эл аралык сот адилеттигинин көйгөйлөрү жана тенденциялары жөнүндө талкуу жүргүзүшөт.