KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун судьялары Улуттук ишкерлер клубунун өкүлдөрү менен жолугушту

07 декабря 2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Жогорку соттун Административдик жана экономикалык иштер боюнча  төрайымдын орун басары  Айнаш Токбаеванын  Улуттук ишкерлер клубунун  президенти Сергей Понамарев менен болгон эки тараптуу жолугушуусу болду.


Жолугушууга  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Дильфуза Боронбаева  менен Айбек Давлетовдор катышышты. Улуттук ишкерлер клубунан Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти, «Аудит-плюс» компаниясынын  президенти, “Евразиялык сактык банкынын” директорлор Кеңешинин мүчөсү Гульнара Ускенбаева жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын  мүчөсү, юридика  илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиевдер болушту.


Мындан тышкары жолугушууга  Улуттук ишкерлер клубу тарабынан чакырылган Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун (IDLO)  филиалынын директору  Фред Хьюстон катышты.


Тараптар  актуалдуу темалар үчүн  жалпы аянтча түзүүгө байланышкан  маселелерди талкуулашты. Катышуучулар салыктык талаш-тартыштарга байланышкан  иштерди кароо боюнча  соттук практикага дагы токтолушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө  тараптар  өз ара түшүнүшүүгө, кызматташтыкка даяр экендиктерин  ырасташып,  мындан ары дагы  байланыштарды  бекемдөөгө кызыктар экенин  белгилешти.