KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун судьялары Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту

21 апреля 2021

Бүгүн, 2021-жылдын  21-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Ашита Миттал айым жетектеген Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Борбор Азия боюнча регионалдык бюросунун делегациясы менен жолугушту.


Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары Кенешбек Токтомамбетов, Качыке Эсенканов жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна карашту Сот адилеттигинин  жогорку мектебинин директору Эльмира Байтикова катышты.


Ал эми регионалдык бюро тараптан адамдарды сатууга жана мигранттарды мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүү боюнча кеңешчи Реда Сиргедиене, «Жазык сот адилеттиги, кылмыштуулукту алдын алуу жана калыстык» программасынын  координатору Кун Маркеринг, Кыргыз Республикасындагы  БУУ БКБнын Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев, аталган кеңсенин кызматкери  Жупар Ракишевалар  болушту.


Өз кезегинде  Кеңешбек Токтомамбетов Жогорку Сот БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук менен күрөшүү бюросунун адам сатууга, коррупцияга каршы күрөшүү, ошондой эле терроризмди, кылмыштуулукту алдын алуу,  жазык сот адилеттиги  боюнча ишин жогору баалай  тургандыгын билдирди.


Бүгүнкү жолугушуу адам сатууга каршы күрөшүү жаатында артыкчылыктуу багыттарды жана кызматташуунун жолдорун иштеп чыгууга жардам берет деп терең ишеним жасады.


БУУнун БКБнын Борбор Азия боюнча аймактык өкүлү Ашита Миттал Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун адамдарды сатууга, терроризмге  каршы күрөшүүдөгү аракеттерин жогору баалай тургандыгын айтты.


Тараптар мындан ары конструктивдүү кызматташууну макулдашып, адамдарды сатууга байланышкан жазык иштерин  кароо боюнча судьяларды окутуу  маселелерин  талкуулашты.