KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жолугушту

17 июля 2019

2019-жылдын 15-июлунда Жалал-Абад областынын Базар-Коргон райондук сотунун төрагасы Темирбек Маматов, судья Сулайман Эргешов жана Базар-Коргон районунун медиатору Гульнара Ташиевалар кылмыштуулукту жоюу, социалдык объекти орнотуу, медиация институту менен таанышттуруу боюнча иш чараларынын алкагында, Базар-Коргон райондук акимчилигинде  Базар-Коргон районунун акими, райондун айыл өкмөттөрү, айыл аксакалдары  жана имамдары менен жолугушуу өткөрүштү.


Жолугушууда катышуучулар тарабынан жашы жете элек балдарды көзөмөлгө алуунун жана жаш кыздарды алып качууга тыюу салуунун жолдору тууралуу, ошондой эле алимент өндүрүү жана юридикалык фактылар байланышкан  укуктук маселелер боюнча  суроолор берилип, аларга кеңири жооптор берилди.


Кездешүүнүн аягында, Базар-Коргон райондук сотунун төрагасы Темирбек Маматов жана судья Сулайман Эргешовдор Базар-Коргон районунун айыл өкмөттөрүн, айыл аксакалдарын жана райондун имамдарын жолугушууга келгендиги үчүн  ыраазычылык билдиришип, иштерине ийгилик каалашты.


 


 


                                                            Жалал-Абад областык сотунун басма сөз катчысы.