KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Тоң районунун судьялары күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен жолугушту

18 октября 2019

2019-жылдын 16-октябрында  Тоң райондук сотунунун төрайымы Асел  Сыдыгалиева, райондук соттун судьясы Сабыр Соодонбеков Тоң РИИБнүн, Тон райондук прокуратурасынын жана пробация органдарынын кызматкерлери менен жолугушту.


Жолугушууда 2019-жылдын 1-январынан тартып мыйзамдуу күчүнө кирген кодекстер, пробация жөнүндөгү мыйзам жана аларды практикада колдонууда жаралган маселелер талкууланды.


Мындан тышкары тергөө судьяларынын  күч түзүмдөрү менен өз ара кызматташуусунда жана пробация институтунда  пайда  болгон көйгөйлүү маселелер каралып, аларды чечүү жолдоруна токтолушту.


Жыйындын соңунда тараптар  мындай жолугушууларды байма-бай өткөрүп турууну макулдашышты.